Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:26

Аялдардын укугуна арналган тынч жүрүш Ошто да өтөт


Аялдардын укугуна арналып өткөрүлгөн тилектешик жыйыны. Ош шаары. 2020-жылдын 8-марты.
Аялдардын укугуна арналып өткөрүлгөн тилектешик жыйыны. Ош шаары. 2020-жылдын 8-марты.

Бүгүн 8-мартка карата аялдардын укугун коргоого арналган тынч жүрүш Ош шаарында Курманжан Датканын эстелигинин алдында башталып, шаардын борбордук аянтына чейин уланат. Бул тууралуу жүрүштүн демилгечилери “Азаттыкка” маалымдашты.

"Аялдардын тилектештик маршы" былтыр 8-мартта Ошто да пландалып, бирок Бишкектеги марш үзгүлтүккө учурагандан кийин чакан кеңседе жыйын түрүндө өткөрүлгөн.

Расмий маалыматтарга ылайык Кыргызстанда январь айынан бери 727 үй-бүлөлүк зомбулук Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы 1-мартта билдиргендей, зомбулуктун басымдуу бөлүгү Бишкек жана Чүй облустарында болгон.
Буга чейин Улуттук статистика комитети аялдарга карата зомбулук 2020-жылы 14%, ал эми үй-бүлөлүк зомбулук 65% көбөйгөнүн жарыялаган.

Үй-бүлөдө аялдарга каршы жасалган зомбулук - Кыргызстанда кеңири талкууга түшкөн социалдык маселелердин бири. 2021-жылдын январь айында эле Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында эки келин өз жанын кыйып, өмүр менен кош айтышкан. Түп районунда төрт баланын энеси күйөөсүнүн зомбулугунун курмандыгы болгон. Мындай окуялар башка аймактарда да орун алып келет.

2020-жылы катталган 9025 фактынын 10% гана сотко өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG