Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Октябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:08

Бишкекте шайлоо участкаларынын биринин төрайымы тонолгону кабарланды

Журналист Канат Каниметов №1101 шайлоо участкасынын мөөрүн Бишкектеги көчөлөрдүн биринен таап алганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Журналист Канат Каниметов №1101 шайлоо участкасынын мөөрүн Бишкектеги көчөлөрдүн биринен таап алганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Бишкектеги №1101 участкалык шайлоо комиссиясынын төрайымы Нурзада Абдылдаеваны 6-мартта көчөдөн тоноп кетишкен. Бул тууралуу Бишкек аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Кайрат Маматов “Азаттык” радиосуна билдирди. Маматовго Абдылдаева милицияга 8-марттан кийин арыз жазарын айткан.

“Мен сүйлөштүм, Октябрь районундагы бала бакчалардын биринде иштейт. Мен жакшы тааныйм, 2005-жылдан бери иштейт. Жакында эле жабдууларды кабыл алышкан экен. Баштыгын коркутуп туруп, жулуп кетиптир. Өзү аябай коркуп калган экен. Баштыкта акча каражаты жана №1101 шайлоо участкасынын мөөрү бар экен. Ал мөөрдү журналист Канат Каниметов таап алыптыр. Мөөр шайлоодон башка эч нерсеге колдонулбайт. Эжеге майрамдан кийин арыз жазыңыз дедим”, - деди Маматов.

Журналист Канат Каниметов №1101 шайлоо участкасынын мөөрүн Бишкектеги көчөлөрдүн биринен таап алганын “Фейсбуктагы” баракчасына жазган.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген. (TSh)

​
XS
SM
MD
LG