Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:25

Шамшиев, Шерниязов, Дүйшекеевдин элесине арналган көкбөрү оюну өтөт


Көкбөрү оюну (Фото архивден)
Көкбөрү оюну (Фото архивден)

“Нооруз 2021” турниринин алкагында коомдук ишмер, экс-депутат Болот Шерниязов жана белгилүү кинорежиссерлор Болот Шамшиев, Темир Дүйшекеевдин жаркын элесине арналган ачык чемпионат өткөрүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Көкбөрү федерациясы маалымдады.

Мелдештер 13-марттан 21-мартка чейин Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата ат майданында болот. Оюнга катышуу үчүн командалар 11-мартка чейин кайрылуу ташташы керек.

2020-жылы пандемиядан улам бир нече мелдеш өткөрүлбөй калган.

«Көк бөрү» федерациясын түптөөчүлөрдүн бири, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылыштарынын депутаты, мурдагы ички иштер министри, милициянын генерал-лейтенанты Болот Шер (Болотбек Шерниязов) 2020-жылы июнь айында дүйнөдөн кайткан.

Белгилүү кинорежиссёр, драматург, коомдук жана мамлекеттик ишмер Болот Шамшиев 2019-жылдын 21-декабрында көз жумган. Көкбөрү оюнунун азыркы эрежесин 1996-жылы режиссерлор Болот Шамшиев жана Темир Дүйшекеев иштеп чыгышкан.

Кинорежиссер жана спорт ишмери Темир Дүйшекеев 2017-жылы көз жумган. Ал “Ак кеме”, “Эрте келген турналар” сыяктуу кинолордо экинчи режиссер болгон. Мындан сырткары узак жылдар боюнча Көк бөрү федерациясынын баш катчысы болуп, улуттук оюндун өнүгүшүнө зор салым кошкон. (TSh)

XS
SM
MD
LG