Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:40

Педагог Жооданбеков: Аялдардын укугун коргоо бир күн менен чектелбеши керек (жүрүштөн видео)


Аялдардын тилектештик маршы. Бишкек, 2021-жылдын 8-мартты.
Аялдардын тилектештик маршы. Бишкек, 2021-жылдын 8-мартты.

Билим берүү жана тарбия боюнча адис Асылбек Жооданбеков аялдардын укугун коргоого коомчулук дайыма көңүл буруп турушу зарыл деп эсептейт. Жооданбеков мындай пикирин Бишкекте өткөн тилектештик маршында билдирди.

“Аялдардын укугу тебеленгени жоюла элек. Биз 8-мартта куттуктап, жакшы сөз айтабыз. Бирок, аялдардын укугун коргоону дайыма, күн сайын улантышыбыз керек. Аялзатынын укугу толук сакталганда гана өнүккөн укуктук мамлекет болобуз”, - деди Жооданбеков.

Бишкекте «Аялдардын тилектештик маршы» бул ирет тынч, эч бир чыр-чатаксыз жыйынтыкталды. Ондогон адамдар Ак үй деп аталчу парламент имаратынын алдына чогулуп, Чүй көчөсүн бойлоп Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги Уркуя Салиеванын эстелигине барышты. Жүрүштүн маалында аялдардын укуктары, гендердик теңчилик, зордук-зомбулукка каршы ураандар айтылды.

Жөө жүрүштү 8/365 кыймылы баштаган бир нече демилгелүү топ уюштурду.

Марштын алдында Бишкектин “Ала-Тоо” жана Турдакун Усубалиев аянтында жана Эркиндик бульварында 22-апрелге чейин митинг өткөрүүгө тыюу салынган. Өткөн аптада Бишкектин Биринчи май райондук соту жергиликтүү бийликтин аталган жерлерде митингге тыюу салуу сунушун канааттандырган болчу.

Өткөн жылы 8-мартта «Аялдардын тилектештик маршы» белгисиз адамдардын кийлигишүүсү менен үзгүлтүккө учураган. Алар уюштуруучулардын баракчаларын айрып, чыр чыгарышкан. Андан соң милиция уюштуруучуларды кармап кеткен. Милиция кийинчерээк аялдар уруксат берилбеген жерде митинг өткөрүшкөнү үчүн кармалганын айткан. (TSh)

XS
SM
MD
LG