Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 16:16

Акимдерди аттестациядан өткөрүү 11-мартта Нарындан башталат


Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы район акимдерин жана орун басарларын аттестациядан өткөрүү 11-марттан 2-апрелге чейин жүргүзүлөт. Алгач аттестация Нарын облусунан башталат. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын төрагасы Абдырахман Маматалиев “Биринчи радионун” эфиринде билдирди.

Маматалиевдин айтымында, район башчыларынын ишмердүүлүгүн мамлекеттик кадр кызматында түзүлгөн атайын комиссия текшерет. Комиссия акимдер жана орун басарлары жөнүндө өкмөттүн ошол облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнөн, милиция, атайын кызмат жана бейөкмөт уюмдарынан алынган маалыматтар менен таанышып чагыт.

“Аттестацияны жүргүүзүү онлайн форматында болуп Мамлекеттик кадр кызматынын сайтында илинет. Каалаган адамдар көрүүгө мүмкүнчүлүгү бар”, - деди Маматалиев.

29-январда президент Садыр Жапаров “Жаңы мамлекеттик кадр саясаты жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Аны Өкмөт башчы Улукбек Марипов мамлекеттик жана муниципалдык деңгээлдеги кадрларды тандоо жана иштетүүнүн системасын жакшыртуу максатындагы жарлык деп түшүндүргөн. (TSh)

Пикирлерди көрүңүз (5)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG