Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:37

Экс-депутат Эрик Арсалиев дүйнөдөн мезгилсиз кайтты


Эрик Арсалиев.
Эрик Арсалиев.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, ишкер Эрик Арсалиев 7-март күнү, 55 жаш курагында оорудан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Маалыматты парламент депутаты, маркумдун жердеши Каныбек Иманалиев “Азаттыкка” ырастады.

Арсалиевдин жакындарынын билдирүүсүнө караганда, маркум өсмө (рак) оорусуна чалдыккан. Түркияда дарыланып жүргөн. Маркумдун сөөгү 9-мартта алып келишери кабарланды.

Эрик Арсалиев 2004-2005-жылдары «Манас» аэропортун жетектеп турган. 2007-жылы “Ак-Жол” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Жогорку Кеңештин эл аралык иштер жана парламенттик кызматташтык боюнча комитетинин төрагасы болуп иштеген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG