Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:59

БШК өз куттуктоосунда шайлоо маалында аялдарды колдоого чакырды


Кыргызстанда аялдар шайлоону уюштуруу маалында негизги күчкө айланат. (Иллюстрациялык сүрөт. Президенттик шайлоо . 2021-жылдын январы).
Кыргызстанда аялдар шайлоону уюштуруу маалында негизги күчкө айланат. (Иллюстрациялык сүрөт. Президенттик шайлоо . 2021-жылдын январы).

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 8-мартка карата куттуктоосун жарыялап, аялдар үй-бүлө очогунан тышкары саясатка, социалдык тармакка, айыл-кыштактарды жакшыртууга чоң салым кошуп келе жатканын белгиледи.

Ушундан улам алдыда өтө турган жергиликтүү кеңештерге шайлоодо аялдардын – кыздардын, эже-карындаштардын, апалардын, жубайлардын айылдык, шаардык кеңешке депутат болуу чечимин колдоп, кубаттап, зарылчылык болсо көмөктөшүүгө коомчулукту чакырган.

Куттуктоодо ошондой эле БШК аялдар талапкерлигин көрсөткөн айыл аймагы, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарын аялдарды колдоп, ийгиликке жетишүүсүнө жардамдашууга үндөгөн.

“Ошол эле учурда аялдар, кыздар, өзүңөргө ишенгиле. Өлкөбүздүн жашоосуна активдүү катышкыла. Кыргызстаныбызбы өнүктүрүп, ийгиликтүү кылууга салым кошкула. Сиздер үй-бүлөдө, иште гана эмес, коомдук-саясий турмушта да өзүңүздөрдү көрсөтүңүздөр” деп жазылган куттуктоодо.

“Жергиликтүү кеңештерге шайлоо тууралуу” мыйзамга 2019-жылы өзгөртүү киргизилген. Ага ылайык айылдык, шаардык кеңештердеги депутаттардын 30% аялдардан турууга тийиш.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG