Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:58

Блинкен Ооганстандагы тынчтык орнотуу боюнча сунуштарын Ашраф Ганиге жолдоду


Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.
Ооганстандын президенти Ашраф Гани жана АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен.

АКШнын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылынын ортосундагы тынчтык жараянын алга жылдыруу максатында бир катар сунуштар менен чыкканын кабарланды.

Бул тууралуу мамлекеттик катчы Ооганстандын президенти Ашраф Ганиге жазган катында баяндаганын бир нече америкалык жана ооган маалымат каражаттары билдирди.

Мындай кат Ганиге жолдонгонун The New York Times басылмасы АКШнын расмий кызмат адамдарына шилтеме берип жазса, ооган президентинин маалымат катчысы Дава Хан Минапал да ырастап, бирок анын мазмунуна токтолгон жок.

The New York Times Блинкендин сөз болуп жаткан катын "адаттан тыш, кескин" деп мүнөздөдү. Анда Катардын башкалаасы Доха шаарында тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн абдан жай жүрүп жатканын билдирип, дээрлик 20 жылдан берки согушту токтотуу боюнча бир нече сунуштарды бергени баяндалган. Ошондой эле мамлекеттик катчы АКШ Ооганстандагы 2500дөй аскерин өлкөдөн чыгаруу боюнча чечим кабыл ала электигин да кошумчалаганы айтылат.

Былтыр буга чейинки президент Доналд Трамптын администрациясы “Талибан” кыймылы менен келишимге кол койгон. Ага ылайык АКШнын аскерлери быйыл май айына чейин чыгып кетиши керек эле. Бирок акыркы айларда Ооганстанда зомбулук аракеттердин жана салгылашуулардын күч алышы америкалык аскерлердин өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсү кан төгүүлөрдү жана башаламандыктарды андан ары күчөтүшү мүмкүн деген кооптонууну жаратып келет.

XS
SM
MD
LG