Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:57

АКШнын атайын чабарманы Халилзад дүйшөмбүдө Кабулга барды


 Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Ооганстан. Кабул шаары. 2021-жылдын 1-марты
 Залмай Халилзад жана Абдулла Абдулла. Ооганстан. Кабул шаары. 2021-жылдын 1-марты

АКШнын Ооганстан боюнча атайын чабарманы Залмай Халилзад дүйшөмбүдө Кабулга барды. Ал 1-мартта Ооганстандын улуттук элдешүү жогорку кеңешинин төрагасы Абдулла Абдулла менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Абдулла твиттердеги баракчасына “Биз тынчтык жараянды, Дохадагы сүйлөшүүлөрдү жана алдыдагы кадамдарды талкууладык. Токтоосуз түрдө зомбулукту токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрдү тездетүү чакырыгыбызды кайталадык”-деп жазды.

Халилзад Кабулдан соң “Талибан” кыймылы менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүү үчүн Катарга бет алганы кабарланды.

28-февралдагы Мамлекеттик департаменттин билдирүүсүндө Вашингтон Ооганстанда тынчтык орнотуу үчүн аракеттерин улантаары белгиленген. Бул кезде АКШ президенти Жо Байден былтыр «Талибан» кыймылы менен түзүлгөн келишимди кайрадан карап жаткан чагы.

Өткөн жылы февралда АКШ жана талибдер дээрлик 20 жылдан бери уланып келаткан согушту токтотуу максатында тынчтык келишимине кол коюшкан. Ага ылайык 2021-жылдын май айына чейин АКШ Ооганстандан аскерлерин чыгарып кетиши керек болчу.

Ал эми «Талибан» зомбулукту токтотуп, «Ал-Кайида» сыяктуу террорчул топтордон колун үзүшү зарыл болчу. Өткөн жылы сентябрь айында Катардын Доха шаарында ооган өкмөтү менен талибдер алгач бетме-бет жолугушуп, андан берки сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай келет.

Эки жума мурда НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг «Талибанды» АКШ менен түзүлгөн келишимдин шартын сактоого үндөп, Ооганстандан коалиция аскерлеринин чыгып кетиши өлкөдөгү абалдан көз каранды экенин белгилеген.

XS
SM
MD
LG