Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 06:08

Партиялардан документтерди кабыл алуу аяктоодо


Кыргызстандын президентин шайлоо. Бишкек. 10-январь, 2021-жыл.

2-мартка караган түнү, саат 00:00дө шаардык кеңештерге шайлоого катышуучу партиялардан керектүү документтерди кабыл алуу аяктайт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов “Азаттыкка” билдирди.

Анын айтуусунда, анын ичинде шайлоого катышуучу партиялардын арыз, курултайында бекиткен талапкерлеринин тизмеси, талапкерлер тууралуу документтерди, шайлоо күрөөсүн аймактык шайлоо комиссияларына тапшырат. Аймактык шайлоо комиссиялары партиялардын документтерин 24 саат ичинде текшерип, кемчилигин толуктоого 48 саат убакыт берет.

“Он күн ичинде Борбордук шайлоо комиссиясы берилген документтердин мыйзамдуулугун текшерип, шайлоо тууралуу мыйзамдарга шайкеш келсе, партияны шайлоого катышууга каттоого алат. Шайкеш келбесе, каттоодон баш тарткан чечим кабыл алат”, -деди Бекматов.

Анын бекемдешинче, 1-мартта 28 шаардык кеңешке катышуучу партиялардан арыз, документтерди кабыл алуу аяктайт. Ал эми 420 айылдык кеңешке шайлоого катышууга арыз, документтерди кабыл алуу 10-мартта аяктайт.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелге дайындалган. Үгүт иштери 12-марттан башталып, 10-апрелге чейин созулат.(ZKo)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG