Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:26

Ооган президенти тынчтык максатында эрте шайлоого барууга болот деди


Ооганстандын президенти Мохаммед Ашраф Гани. Кабул. 2021-жылдын 6-марты
Ооганстандын президенти Мохаммед Ашраф Гани. Кабул. 2021-жылдын 6-марты

Ооганстандын президенти Ашраф Гани бийликти өткөрүп берүү жолу катары жаңы шайлоолорду өткөрүү сунушуна ачык экендигин билдирди, бирок кандай гана болбосун, жаңы өкмөт демократиялык жүрүмдүн натыйжасында гана келиши керек деп билдирди.

Ашраф Ганинин 6-марттагы парламенттик отурумдун ачылышында айткан сөзү өлкөдөгү талиптик оппозиция менен тынчтык сүйлөшүүлөрүн кептелип калган ордунан козгоо мүдөөсүндө айтылгандай болду.

"Бийликти шайлоо жолу менен өткөрүп берүү – биз үчүн башка вариантты сүйлөшүүгө болбой турган өзөккү принцип", – деди Гани.

"Биз эл аралык коомчулуктун колдоосу астында эркин, акыйкат жана бардыгын камтыган шайлоолорду өткөрүүнү талкуулоого даярбыз. Ошондой эле шайлоонун датасы жөнүндө сүйлөшүп, бир жыйынтыкка келсек болот", – деди Гани.

Ганинин бул сөзү АКШнын Ооганстан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад ушул аптада Кабулга жасаган иш сапарында өлкөнүн саясий келечеги үчүн жаңы формат сунуштады деген кабарлар чыккандан бир нече күн өткөндөн кийин айтылды.


Халилзад азыр Катар өлкөсүндө жүрөт. Мында Ооган өкмөтү менен талиптердин жетекчилигинин өкүлдөрүнүн делегациясы сентябрь айынан бери тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүп жатышат.

АКШнын президенти Жо Байдендин өкмөтү Ооганстан боюнча өз стратегиясын карап чыгууну баштады. Бул стратегиялык көйгөйгө талиптер кыймылы менен бир жыл мурун жетишилген келишим маселеси да кирет. Бул келишим тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачкан.

Ошол келишимге ылайык, АКШнын аскерлери быйыл май айына чейин чыгып кетиши керек. Бирок акыркы айларда Ооганстанда зомбулук аракеттердин жана салгылашуулардын күч алышы америкалык аскерлердин өлкөдөн тез арада чыгып кетүүсү кан төгүүлөрдү жана башаламандыктарды андан ары алоолонтушу мүмкүн деген кооптонууну жаратып келет. (TT)

XS
SM
MD
LG