Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Рим папасынын Иракка сапары карыды


Рим папасы Францисктин Багдатта
Рим папасы Францисктин Багдатта

Рим папасы Францисктин Иракка тарыхый сапары жыйынтыкталды. 8-мартта Багдаттын аэропортунан 84 жаштагы понтификти Ирактын президенти Бархам Салех узатты.

Иракка алгачкы сапарында Рим папасы бир нече жыл согуш кучагында болгон өлкөдөгү 4 шаарга зыярат кылды. Алардын арасында “Ислам мамлекети” террордук тобу бир нече убак ээлеп турган Мосулга барган Франциск ирактыктарга кайрылып “тынчтык согуштан күчтүү экенин” билдирди. Ал ошондой эле Ирактагы шииттердин жогорку даражалуу диний ишмери аятоллой Али аль-Систани менен баарлашты.

Саламаттык сактоо эксперттери Рим папасынын сапарынын жүрүшүндө көптөгөн адамдардын чогулганы коронавирустун таркашын күчөтүшү мүмкүн деген тынчсыздануусун билдирген. Католик чиркөөсүнүн башчысы жетектеген делегация мүчөлөрү COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өткөн, ал эми ирактыктардын көпчүлүгү вакцина ала элек.

XS
SM
MD
LG