Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:24

Беринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл Камчаткада дүйнө салды


2021-жылы 6-мартта Вера Терентьевна Тимошенко 94 жашында Беринг аралында каза болду. Ал алеут тилинин беринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл деп эсептелет.
2021-жылы 6-мартта Вера Терентьевна Тимошенко 94 жашында Беринг аралында каза болду. Ал алеут тилинин беринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл деп эсептелет.

Алеут тилинин беринг диалектинде сүйлөгөн акыркы өкүл Вера Тимошенко айым Камчаткада көз жумду. Ал 94 жашта эле. Бул тууралуу “Kam24” басылмасы Орусия Илимдер академиясынын мүчө-кабарчысы Евгений Головкого шилтеме берүү менен кабарлады.

Тимошенко Алеут районунун Никольское кыштагындагы Беринг аралында каза болду. Ал аралдагы түпкү тургундардын бири болгон жана көп жылдар бою алеут маданиятын сактоо иши менен алектенген. Тимошенко түпкү калктардын күнү майрамдарына катышып, алеут ырларын ырдап келген.

"Алеут аралдарында беринг диалектине өтө жакын тил сакталып келе жатат (Атка аралында бир нече киши ошол тилде сүйлөй алышат), бирок, Орусияда, менин билишимче, бул тилде сүйлөгөндөр эми калган жок. Ошол эле учурда, алеуттардын америкалык диалекти булардан кыйла айырмаланат", – деп Головко мырза жогорудагы басылмага айткан.

Тимошенко айым 1927-жылы Никольское кыштагында туулган. 1959–1982-жылдары ал Алеут райондук мамлекеттик архивин башкарган.

1980-жылдардын башында ал "Унганган" улуттук ансамблинин алгачкы мүчөлөрүнүн бири болгон.

“Kam24”, “Камча-Инфо” жана башка ЖМКлардын маалымдашынча, ал өз өмүрүнүн соңуна чейин орус жана чет өлкөлүк адистерге алеут тили жана этностук маданияты боюнча кеңеш берип, андан тышкары прозалык жана поэзиялык чыгармаларды которуп келген.

Ар бир тил жана диалект жалпы адамзаттын руханий байлыгы экендигин дүйнө коомчулугу кыйла кечирээк баамдады. (TT)

XS
SM
MD
LG