Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Чүй: 80 жаштагы эненин өлүмү боюнча кылмыш иши козголду


Кыргызстандын картасы. Чүй облусу.
Кыргызстандын картасы. Чүй облусу.

Чүй облусунун Жайыл районунда 80 жаштагы карынын өлүмү Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча бирдиктүү реестрге катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Аны өлтүрүүгө шектелип уулу кармалганын облустук милиция билдирди.

Маалыматка караганда, 9-мартта таңкы саат 06:30 чамасында Арал айылындагы үйлөрдүн биринен аял кишинин сөөгү табылганы тууралуу кабар түшкөн.

Териштирүү учурунда сөөк 1940-жылы туулган аял кишиге таандык экени аныкталган. Анын өлүмүнө шектелип 1977-жылы туулган уулу кармалып, күнөөсүн моюнга алган. Энесин бензин куюп өрттөп жибергенин жана кылган ишине өкүнөрүн айткан.

Азыр ал милициянын убактылуу кармоочу жайында камакта. Баштапкы маалыматтарда шектүү психикалык жактан жабыркап келгени айтылды. Окуяга эмне себеп болгону белгисиз. Тергөө иштери уланууда.

XS
SM
MD
LG