Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:13

Опера жана балет театрындагы чыр боюнча комиссия түзүлдү


Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Бишкек.
Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театры. Бишкек.

Бишкектеги Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрындагы чырды атайын түзүлгөн комиссия иликтейт.

Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги 9-мартта билдирди.

Маалыматка караганда, комиссиянын ишине адистер, юристтер, аудиторлор жана балет искусствосунун өкүлдөрү кирди. Алар он күн ичинде окуя боюнча эки тараптуу иликтөө жүргүзүп, театрдын жетекчилигине сунуш жибериши керек.

6-мартта театрда"Ак куу көлү" спектаклин көрөрмандарга коёр алдында чыр чыккан. Артисттер сахнага чыкпай коюшкан. Спектаклди уюштурган "Радужка" фонду окуяга гонорар жана жергиликтүү труппанын өкүлдөрүнүн Орусиядан келген артисттер менен иштешкиси келбегени себеп экенин айткан.

Труппанын өкүлү, балет репетитору Досмат Садыркулов театрда мурунтан бери көйгөй бар экенин билдирген.

Чайковскийдин "Ак куу көлү" чыгармасын көрсөтүү үчүн Орусия балетинин көрүнүктүү артисттери Екатерина Первушина менен Сергей Мануйлов чакырылган.

6-мартка гана пландалган "Ак куу көлү" спектаклине билеттин баасы 1000 сомдон 2000 сомго чейин сатылган. Алгач жарнамада ага Орусиядан артисттер Мария Бек менен Сергей Мануйлов келери айтылган. Кийин Мария Бектин ордуна Екатерина Первушина келген. (NT)

XS
SM
MD
LG