Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:58

Активисттер парламенттин тарашын талап кылууда


Бүгүн Бишкекте Конституциянын жаңы долбооруна каршы жана Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өттү.

Иш-чаранын уюштуруучусу, “Ханистутицияга каршы” борборунун өкүлү Жеңиш Молдокматов “Азаттык” радиосуна буларды билдирди:

"Жогорку Кеңеш 2-мартта Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо ордуна, аны Референдум тууралуу мыйзамга тиркеп, 1-окуудан кабыл алды. Бул мыйзамсыз. Экинчиден, 80 депутат демилгелеген Конституциянын долбоору 17-ноябрда парламенттин сайтына жарыяланган. Ал Баш мыйзамдын долбооруна 67 өзгөртүү киргизилген. Ал эми февралда жаңы редакция жарыяланды. Ал жаңыдан демилгелениши керек эле. Андай болгон жок. Жогорку Кеңеш ага көз жуумп, каалаганын кылууда. Аларды президент, өкмөт колдоп, бардыгы кылмыш жолуна - бийликти узурпациялоого баратышат", - деди Молдокматов.


Митингде азыркы иштеп жаткан Жогорку Кеңешти каржылоо токтотулуп, парламент тарашын, президент тез арада жаңы парламенттик шайлоо дайындап жана жаңы келген парламент Конституциянын жаңы долбоорун кеңири талкуулап, эл тандоосун талап кылышмакчы.

Конституция боюнча референдумду дайындоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 3-мартта кызыл чеке талаштан кийин биринчи окууда кабыл алынган.

Расмий маалыматка караганда, аны депутаттардын 87си колдоп, тогузу каршы добуш берди, 21и катышкан эмес.

Анткен менен 11-апрелде референдумга коюлганы жаткан Конституциянын жаңы долбоорун бир топ саясатчылар, юристтер сынга алган. Алар долбоорду процедураларды бузуу менен кабыл алуу аракети жүрүп жатканын, анда демократияга каршы нормалар бар экенин жана президенттин укуктары эбегейсиз күчөтүлгөнүн айтышууда.

Саясатчы Равшан Жээнбеков Баш мыйзамдын азыркы долбоорунда сөз эркиндигине, тынч чогулуу укуктарына, жарандык коомдун ишмердигине коркунуч алып келүүчү беренелер бар экенин айтууда. Саясатчы Баш мыйзамды ушул сыяктуу демократияга доо кетирүүчү коркунучтардан арылтууну сунуштады.

“Биз бийликтин баарын президентке берип, бирок, демократиялык механизмдерди сактап калбасак, кайра эле жыл айланбай төңкөрүш болот. Азыркы бийлик ушуну эске алып, демократиялык механизмдерди киргизбесе, анда бир күнү Кыргызстанда Конституция да, мыйзамдар да иштебей, көчөнүн мыйзамы иштеп калышы толук ыктымал”.

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан "Хюман Райтс Уотч" (Human Rights Watch) укук коргоо уюму 5-мартта кыргыз парламентинин азыркы убактылуу курамы Баш мыйзамдын долбоорун кароону 7-чакырылыштын депутаттары шайланып келгенге чейин токтото турушу керек деген билдирүү тараткан.

“Кыргызстандын эл аралык өнөктөштөрү, анын ичинде Евробиримдик, анын айрым мүчөлөрү, АКШ жана Улуу Британия жаңы баш мыйзамды кабыл алууну улуттук жана эл аралык нормаларды сактоо менен жүргүзүүсү үчүн Кыргызстандын өкмөтүн Конституциянын долбоорун Венеция комиссиясына берүүгө чакырышы керек”, - деп жазылган Human Rights Watch уюму тараткан кайрылууда.

Бирок Конституциянын жаңы долбоорунун авторлорунун бири Бактыбек Турусбеков Баш мыйзамга өзгөртүү киргизгенге болбойт деген пикирин "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" берүүсүндө белгилеген.

“Баш мыйзамдын долбоору үч айдан бери талкууланды. Ошондон бери түшпөгөн сунуштар, айтылбаган сындар эми чыга баштады. 2-мартта парламент 1-окуудан кабыл алган соң сунуш, сын-пикирлер түшө баштады. Мыйзам долбоору 1-окуудан өткөн соң өзгөрүү кирбейт. 2-3-окуусунда да өзгөртүү киргизүүнүн жол-жобосу жок”.

2020-жылдын октябрь айларындагы окуялардан улам бийлик башына келген Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүү пикирин жарыялагандан кийин, ошол эле жылдын 17-ноябрында парламенттин сайтында Конституциянын жаңы долбоору делген документ жарыяланган. Ага 80 депутат демилгечи болгон.

Коомчулуктун сынынан кийин Баш мыйзамдын жаңы долбоорун иштеп чыгуу максатында Конституциялык кеңешме түзүлүп, ал документ эки айдан ашык талкуулаган. Кеңешме 2-февралда ишин аяктап, документти парламентке жиберген.

Оңдолуп-түзөлгөн документ Жогорку Кеңештин сайтында 9-февраль күнү жарыяланып, 2020-жылдын ноябрында коюлган долбоор менен алмаштырылган. 17-февралда парламенттеги демилгелүү топ аны карай баштады.

Баш мыйзамдын жаңы редакциясында президенттин ыйгарым укуктары бир топ кеңейтилген.

XS
SM
MD
LG