Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Мевлүт Чавушоглу бүгүн Бишкекке расмий визит менен келди


Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. Анкара. 10-ноябрь, 2020-жыл.
Руслан Казакбаев менен Мевлүт Чавушоглу. Анкара. 10-ноябрь, 2020-жыл.

Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бүгүн Бишкекке расмий визит менен келди.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, Чавушоглу өлкө жетекчилери менен жолугуп, Стратегиялык пландоо боюнча бириккен топтун 4-жыйынына катышат.

Жолугушууда эки тараптын кызматташтыгы, мурда жетишилген келишимдердин аткарылышы, саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка тармактардагы алакаларды мындан ары өнүктүрүү тууралуу сөз болот.

Мындан тышкары түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгын кеңейтүү маселеси каралат.

Кыргызстан менен Түркиянын тышкы иштер министрлеринин буга чейинки жолугушуусу былтыр ноябрда Анкарада өткөн. Анда министрлер эки өлкө ортосундагы экономикалык, саясий жана маданий карым-катышты талкуулашкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG