Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:58

Коронавирустан дагы бир киши каза болду, илдет 34 кишиден аныкталды


Бишкек шаары. Март, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Март, 2021-жыл.

Кыргызстанда соңку бир сутка ичинде коронавирус Ош шаарында дагы бир бейтаптын өмүрүн алды. Бир күндө вирус 34 кишиден жаңы аныкталды.

Бул тууралуу COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык штаб 10-мартта билдирди.

Министрликтин жаңы эсеби боюнча пандемия башталган 2020-жылдын март айынан бери вирустан кайтыш болгондордун жалпы саны 1476 кишиге жетти.

Пандемияда оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 86 640 киши болду. Анын 83 666сы айыгып чыкты.

Азыр 294 киши ооруканаларда жатат. Анын 11инин абалы өтө оор, 82 кишинин акыбалы оор деп бааланган. Үй шартында 261 адам дарыланып жатканы расмий кабарланды. (NT)

XS
SM
MD
LG