Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:49

Журналисттерди коргоо комитети «Озодинин» кабарчыларына кол салууну ыкчам иликтөөгө чакырды


"Журналисттерди коргоо комитетинин" эн белгиси.
"Журналисттерди коргоо комитетинин" эн белгиси.

Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) тажик бийлигин «Озоди» радиосунун журналисттерине кол салуу боюнча ыкчам иликтөө жүргүзүп, күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартууга чакырды.

«Журналисттерге кол салуу боюнча ыкчам иликтөө жүрүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылышы зарыл. Өлкөнүн укук коргоо органдары журналисттердин эч нерседен коркпой эркин иштеши үчүн бардык аракетин көрүшү керек», — деди комитеттин Европа жана Борбор Азия боюнча программаларынын координатору Гульноза Саид.

4-мартта күйүүчү майдын кымбатташы тууралуу сюжет тартып жүргөн Шахло Абдулло менен Муллоражаб Юсуфзодага кол салуу болгон. Айдоочулардын биринен интервью алып жаткан журналисттерге май куюучу жайдын кызматкери тоскоолдук кылып, түрткүлөп, бирөөнү ээкке чаап жиберген. Ал май куюучу жайдын жетекчилигинин жазуу түрүндөгү макулдугу камерага тартууга болбосун айткан.

Дарыгерлер ооруканага кайрылган Юсуфзоданын бети шишип кеткенин, ал жакынкы эки жумада дарыланышы керектигин билдирген.

Бул окуя боюнча журналисттер өлкөнүн Ички иштер министрлигине арыз менен кайрылышкан. Эртеси «Азия-Плюс» маалымат агенттиги ЖМК өкүлдөрүнө кол салган май куюучу жайдын күзөтчүсү кармалганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG