Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:48

Жогорку Кеңеш жалпы жыйындарын Нооруздан кийин улантмай болду


Жогорку Кеңештин жыйындар залы.
Жогорку Кеңештин жыйындар залы.

Жогорку Кеңеште кийинки аптада жалпы жыйындар жана комитеттердин, фракциялардын отурумдары болбойт. Бүгүн, 11-мартта депутаттар 15-19-мартта жер-жерлерде шайлоочулар менен иштөө тууралуу чечим кабыл алышты.

Ошентип, парламенттин жалпы жыйындары Нооруз майрамынан кийин уланат.

Бүгүнкү отурумда Жогорку Кеңеш Конституциянын жаңы долбоору боюнча референдум өткөрүү тууралуу мыйзам долбоорун толук колдоду. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору азыркы Баш мыйзамды жана эрежелерди одоно бузуу менен кабыл алынып жатканын айтып чыгышкан. Парламент төрагасы андай сын негизсиз экенин белгилеп, “Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок” деп айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG