Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

Сот активист Кудайбергеновдун бөгөт чарасын жабык карап жатат


Бишкек шаары. Активист Тилекмат Кудайберген уулунун Свердлов райондук сотунун алдында турган тарапташтары. 17-март, 2021-жыл.
Бишкек шаары. Активист Тилекмат Кудайберген уулунун Свердлов райондук сотунун алдында турган тарапташтары. 17-март, 2021-жыл.

Бишкектин Свердлов райондук соту активист Тилекмат Кудайберген уулунун (Куренов) бөгөт чарасын кароого киришти. Жараянга журналисттер жана активисттин тарапташтары киргизилген жок.

Иш жабык каралууда. Сот имаратынын алдында анын бири нече тарапташы топтолуп турганын "Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдирди. Алар соттун жабык өтүшүн сынга алып, активист негизсиз кармалганын айтышууда. Аны бошотуу тууралуу чечим чыгарууга чакырып жатышат.

Кудайберген уулу 15-мартта Бишкекте кармалып, шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган. Бишкектин ички иштер башкармалыгы ал Жазык кодексинин 310-беренеси («Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар») жана 264-беренеси («Массалык баш аламандыктар») менен шектелип жатканын билдирген.

Мыйзамга ылайык кармалган жаран убактылуу кармоочу жайда 48 саатка чейин олтурат. Анын андан кийинки бөгөт чарасын сот аныктоого тийиш.

15-мартта анын үйү жана ал мүчө болгон «Ханституцияга каршы» борборунда да тинтүү жүргүзүлгөн. (NT)

XS
SM
MD
LG