Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2021 жума, Бишкек убактысы 09:24

Талас: Президент Жерүй боюнча чогулгандар менен жолугушту


Жерүйгө жакын чогулган жергиликтүү эл

Таласта 17-мартта Бекмолдо айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Ой айылынын жүздөй тургуну президент Садыр Жапаров өтө турган Суусамыр-Талас-Тараз жолунун жээгине, Жерүй кенине кеткен бурулушка чогулду.

Алар Жерүй кенин иштетүүдөн жакын жайгашкан айылдардын тургундары жапа чеккенин айтышып, түшкөн пайданын бир бөлүгүн бөлүп берүүнү талап кылышууда.

"Азаттыктын" аймактагы кабарчысынын айтымында, чогулгандар Жерүй кенин иштетүүгө байланыштуу эки тараптуу келишим, экологиялык абал жана тараптардын жоопкерчилиги боюнча бир нече талаптарды айтып жатышат.

Буга чейин топтолгон эл менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү сүйлөшкөн. Алар менен президент Садыр Жапаров жолугушуп, талаптарын укканы кабарланды.

Элдин суроолоруна жооп берип, нааразы тараптан үч адамды Жерүйгө алып кеткенин "Азаттыкка" жергиликтүү журналист Азамат Каработоев билдирди.

Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 17-мартта Жерүй кениндеги алтын иштетүүчү фабрика ачылмак.

Президенттин басма сөз кызматы буга чейин ачылышка Орусиянын президенти Владимир Путин телекөпүрө форматында онлайн катышарын билдирген.

Таластагы Жерүй алтын кени 1969-жылы чалгындалган. Көлөмү боюнча Кыргызстанда Кумтөрдөн кийинки орунда турат. Геологиялык баштапкы иликтөөлөргө ылайык кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүштүн запасы бар.

2015-жылы кен иштетүү укугу аукциондун негизинде 100 миллион долларга сатылган. Аны орусиялык «Орус платинасы» компаниясына таандык «Восток геолдобыча» ишканасына алган. Анын карамагында «Алтын альянс» ишканасы түзүлгөн. (BCh)

Пикирлерди көрүңүз (12)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG