Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:03

Мурас-Ордо конушунда өспүрүмдүн өлүмүнө шектелип анын агасы кармалды


Мурас-Ордо жаңы конушу
Мурас-Ордо жаңы конушу

Мурас-Ордо жаңы конушунда 13 жаштагы өспүрүмдүн өлүмүнө шек саналып, анын агасы кармалды.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Улан Жумаков билдирди:

"Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө 17-мартта түшкү саат 12:40тар чамасында маркумдун энесинен телефон чалуу болгон. Милиция барганда 13 жаштагы өспүрүм моюнунан, ичинен жаракат алып, көз жумганы аныкталган. Ал талма оорусу менен жабыркагандыктан, дайыма жанында жакындары карап турган. 17-мартта 16 жаштагы агасы менен үйдө калган. Милиция барганда ал үйдө жок болуп чыккан. Айылга жакын жердеги талаадагы камыштын арасында жашынып жаткан жеринен табылды".

Милициянын маалыматына караганда, шектүү ага-ини ортосунда кайым айтышуу болгонун айтып, кылмышты моюнга алган.

Окуя боюнча Жазык кодексинин 130-беренеси ("Киши өлтүрүү") боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Шектүү Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалды. (BCh)

XS
SM
MD
LG