Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:04

Коронавирустан каза болгон медкызматкерлер 100дөн ашты


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Кыргызстанда коронавирус катталган бир жылдан бери бул оору 3400дөн ашуун медициналык кызматкерге жугуп, 104ү каза болду.

Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Мадамин Каратаев 18-марттагы брифингде маалымдады.

Оору жуктурган жана андан каза болгон медициналык кызматкерлерге кенемте төлөп берүү боюнча министрликке 2800дөй арыз түшкөн. Ооруп айыккан 1500дөн ашуун медициналык кызматкерге 200 миң сомдон кенемте берилди. Ал эми каза болгон медиктердин үй-бүлөсүнөн 60 арыз түшүп, 32 үй-бүлөгө бир миллион сомдон кенемте төлөндү. Жалпы кенемте төлөөгө 185 миллион сом жумшалган.

Каратаев кенемте төлөөнүн тартиби 2021-жылдын 11-январынан тартып өзгөргөнүн, мындан ары вирус жугузуп алган дарыгерлерди изилдеп, чечим чыгаруу милдети ооруканадагы жетекчиликке берилгенин айтты. Маалыматка караганда вирус жугузуп алгандар үчүн кенемте 75 миң сомду түзөт. (BCh)

XS
SM
MD
LG