Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:25

Байсалов: Отунбаева менен Жээнбековдон «экс-президент» макамын алуу чакырыгы туура эмес


Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Кыргызстандын Британиядагы элчиси Эдил Байсалов «Азаттыктын» «Эки-бир» берүүсүнө маек куруп жатып, мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун «экс-президент» макамын алуу тууралуу коомчулуктагы чакырыктарга байланыштуу пикирин билдирди. Ал мындай идеяны көтөргөндөрдү сынга алды.

«Мен мындай маселени керек болсо сүйлөбөй коёт элем. Мындай демилге чыга берет, 6 миллиондун арасында бирөө жарым ушинтип айтып коюшу мүмкүн. Бул маселени биздин медиа каражаттарыбыз чыгарбай деле койсо болмок. Өнүккөн, демократиялык мамлекеттерде мындай маселелерге көңүл да бурулбайт. Эч качан, эч кандай шартта мурдагы президент Роза Отунбаевадан «экс-президент» макамы алынбашы керек. Жаманбы-жакшыбы биз ушуга келишибиз керек, экс-президенттердин коопсуздугун, кепилдиктерин, бакубат жашоосун камсыз кылып турушубуз кажет. Аларга 80 миң сомдон пенсия, кызматтык автоунаа менен сакчы берип тургандан мамлекеттин эч нерсеси кемибейт. Бул чоң каражат эмес», - деди ал.

Мурдараак Чыңгыз Капаров жана башка активисттер мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун «экс-президент» макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Алар "өлкө кыйналып, жумушсуздук жана миграция күчөп турган маалда мурдагы мамлекет башчылар чоң суммада пенсия алып, сакчылардын кароосунда жүргөнү туура эмес" деген жүйө келтиришкен.

2020-жылдын октябрь айындагы окуялар учурунда жабыр тарткандар да экс-президент Сооронбай Жээнбековдун макамын алуу чакырыгы менен чыгышкан.

Жаңы президент Садыр Жапаров шайлоочулар менен жолугуп жүргөн учурда ушул боюнча келген суроого жооп берип жатып, Жээнбековдо «экс-президент» макамы сакталып калышы керектигин маалымдаган.

Роза Отунбаева Кыргызстандын үчүнчү президенти. Ал өлкөнү 2010-жылдан 2011-жылга чейин башкарган. Бешинчи президент Сооронбай Жээнбеков мамлекетти 2017-жылдан 2020-жылга чейин жетектеген. (ErN)

XS
SM
MD
LG