Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:02

Тажикстанда коронавируска каршы эмдөө башталды


Тажикстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Самариддин Алиев
Тажикстандын саламаттык сактоо министринин орун басары Самариддин Алиев

Тажикстанда 23-марттан тартып коронавируска каршы эмдөө башталды.

Дүйшөмбү шаарындагы “Истиклол” клиникасында биринчилерден болуп Тажикстандын саламаттык сактоо министри Жамолиддин Абдуллозода, анын орун басарлары жана БУУнун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) өлкөдөгү өкүлү Осама Маккава вакцина сайдырды. Маккава AstraZeneсa вакцинасынын зыяны жок экенин көрсөтүү үчүн өзү эмдөөдөн өткөнүн билдирди.

Министр Абдуллозода өлкө жарандарын жапырт эмдөөгө катышууга чакырды. Анын маалыматы боюнча, Тажикстандын аймагында 3 миңден ашык эмдөө пункттары ачылды.

Өкмөттүн планына ылайык, алгач дарыгерлер, экономиканын стратегиялык тармактарынын кызматкерлери, 60 жаштан өткөндөр, мугалимдер жана өнөкөт оорусу бар жарандар эмделет. Тажикстан COVAX программасынын алкагында AstraZeneсa вакцинасынын 192 миң дозасын алган.

Тажик бийлиги буга чейин өлкөдө коронавирусту толугу менен жеңгенин жарыялаган. Расмий маалыматка караганда, акыркы бир жылда вирус 13 миңден ашык адамдан аныкталып, 90 киши көз жумган. Бирок көз карандысыз эксперттер өлкөдө коронавирусту жугузган жана каза болгондор алда канча көп экенин айтып келишет.

XS
SM
MD
LG