Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:57

Шыкмаматов "Жогорку Нарын ГЭС каскады" тууралуу: Кайсы сот болбосун, биз утулабыз


Президент Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭС каскады» ишканасында. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын 9-ноябры.
Президент Садыр Жапаров «Жогорку Нарын ГЭС каскады» ишканасында. Архивдик сүрөт. 2020-жылдын 9-ноябры.

Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстан "Жогорку Нарын ГЭС каскадын" куруу долбоору боюнча Орусия менен соттошсо "утулуп калат" деп эсептейт. Бул тууралу ал 23-мартта “Азаттык” радиосуна курган маегинде билдирди:

“Ал жерде 37 миллион доллардын 20сын уурдап кетишкен, каякта калганы дайынсыз. Бирок келишимдер боюнча ал биздин моюнубузга түшүп калды. Кайсы гана сотко бербесин, биз утулабыз”.

Шыкмаматов президент Садыр Жапаровдун быйыл февралда Орусияга сапары учурунда бул тууралуу сөз болгонун маалымдады:

“Ал маселе козголду. Биздин энергетика министрлигинин жана Орусиянын ГЭСтер тармагын жөнгө салуучу тийиштүү үч-төрт органынын иш процесси жүрүп жатат”.

«Жогорку Нарын ГЭС каскады» жабык акционердик коому 2012-жылдын октябрь айында Кыргызстандын жана Орусиянын өкмөт аралык келишимине ылайык негизделген. Орусия каражат бөлүп, Кыргызстанда Жогорку Нарын ГЭС каскады жана Камбар-Ата-1 ГЭСи курулмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан.

Кийин орус тарап долбоорго «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. 2020-жылы май айында Кыргызстандын Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети арбитраждык териштирүү убактылуу токтоп турганын билдирген.

Долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат. Объект «Электр станциялары» ишканасынын көзөмөлүндө.

Президент Садыр Жапаров 2020-жылдын ноябрында Нарындагы иш сапары учурунда аталган объектке барып, «ГЭСтин курулушу жанданат» деп билдирген.(RK)

XS
SM
MD
LG