25-мартта Кыргызстанда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, Чүй облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 3...8, күндүз 21…26;
Талас жергесинде түнкүсүн 2...7, күндүз 20…25;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…+2, күндүз 10…15;
Нарында түнкүсүн -2…-7, күндүз 10…15;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -14…-19, күндүз -2…+3 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 24…26 градус.