Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:54

"COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китеби чыкты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда коронавирус эпидемиясынын эң оор учурундагы абал тууралуу баяндаган электрондук маалымат ресурсу түзүлдү. "COVID-19 кыргызстандыктардын үнү менен" электрондук китебинде пандемиянын экономика, билим берүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, медицина тармактарына жана катардагы жарандарга тийгизген таасири жөнүндө жүздөн ашуун маек бар.

Маектерди журналисттер Бактыгүл Чыныбаева жана Кайыргүл Урумканова жүргүзүп, топтошкон.

Бул сайттан “кызыл зонада” иштеген адамдардын, оорудан сакайып чыккандардын, каза болгондордун жакындарынын маектерин таап укса, окуса болот.

«Кыргызстандыктардын пандемия маалындагы үнү» деген долбоорду Борбор Азия Университетинин (БАУ) «Жарандык коомдун демилгеси» программасы ишке ашырды. Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги колдоосун көрсөттү.

Долбоордун максаты – коомчулукка жарандык коомдун пандемия маалында топтогон тажрыйбасы тууралуу так маалымат жеткирүү.

Электрондук маалымат ресурсунун презентациясы Бишкекте 26-мартта өтөт.

«Жарандык коомдун демилгеси» программасы 2017-жылы Борбор Азияда жарандык коом үчүн жагымдуу саясий жана административдик климат түзүү максатында негизделген.

Кыргызстанда 2020-жылдын март айынын этегинде башталган коронавирус эпидемиясы июль айында курчуп, көп киши каза болгон. Сентябрдын башында каза болгондор катталбай калган. Оорунун экинчи толкуну октябрда башталып, соңку айларда ооруну жугузуп алгандардын саны кыйла азайган жана күнүнө 30га жетпеген бейтап катталып жаткан. Бүгүн, 24-мартта бул көрсөткүч 115ти түзүп, айрым адистер эпидемиянын үчүнчү толкуну башталганын айтып жатышат.

Коронавирус Кыргызстанда 87 миңден ашуун адамга жугуп, 1,5 миңдей адамдын өмүрүн кыйды. (RK)

XS
SM
MD
LG