Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Ооган талиптери: «Чет элдик аскерлер өз мөөнөтүндө чыгарылбаса,  аларга кол салабыз”


Ооган жоокери тик учакты байкоодо. Лашкар Гах, Гелманд вилайети, Ооганстан. 2021-жылдын 25-марты.
Ооган жоокери тик учакты байкоодо. Лашкар Гах, Гелманд вилайети, Ооганстан. 2021-жылдын 25-марты.

Ооган талиптери эгерде Ооганстандагы чет элдик аскерлер былтыркы макулдашууга ылайык 1-майга чейин чыгып кетпесе, анда өлкөдөгү согуш аракеттерин кайра баштайбыз деп коркутту.

Талиптердин жоромолунда, белгиленген мөөнөттө Батыштагы ынтымакташтардын бири болгон АКШнын өз аскерлерин Ооганстандан чыгарып кете албай калышы 2020-жылы февралда Катарда кол коюлган келишимди бузуу катары бааланат.

Мындай шартта талиптер кыймылы "өз өлкөсүн бошотуу үчүн чет элдик күчтөргө каршы куралдуу күрөштү" улантууга "мажбур болот", - деп 26-март күнү талиптер өз билдирүүсүндө эскертишти.

Бул билдирүү АКШнын президенти Жо Байден 1-майга чейин Ооганстандан акыркы 2500 америкалык аскерлерди чыгарып кетүү "кыйын" болот деп айткандын эртеси жасалды.

Доха келишимине кол коюлгандан кийин Ооганстандагы талиптердин чет элдик аскерлерге кол салуулары дээрлик токтоп калды, бирок Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө жана өкмөттүк кызматкерлерге каршы чабуулдары улантылып жатат.


Бул келишимге ылайык, бардык чет элдик күчтөр май айына чейин Ооганстандан чыгып кетиши керек. Мунун эсесине талип жоочулары “ал-Кайида” террорчул тармагы менен өз ара байланышын үзүү жана ар кандай чет элдик террорчуларга башпаана бербөө сыяктуу коопсуздук кепилдиктерин алышы керек.

Ошондой эле талиптер кыймылы расмий Кабул менен ок атышууну токтотуу жана бийликти бөлүштүрүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү убада кылган, бирок оогандардын ички тынчтык сүйлөшүүлөрү үзгүлтүккө учурап калды. Ооганстандагы АКШ баштаган НАТОнун аскердик бөлүктөрүндө азыркы учурда 9600 жоокер кызмат өтөөдө. (TT)

XS
SM
MD
LG