Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:13

Милиция: Ошто үгүт тартибин бузуу боюнча 15 маалымат текшерилип жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы шайлоо өнөктүгүндө айрым саясий партиялардын мыйзам бузгандыгы жөнүндө түшкөн 15 маалыматты текшерип жатат. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Милиция ар бир билдирүү, массалык маалымат каражаттарына чыккан кабарлар талданып жатканын жана мыйзам бузгандыгы аныкталса сотко өткөрүлөөрүн белгилеген. Ош шаардык ички иштер башкармалыгы айрым учурда атаандаш партиялардын кадыр-баркын түшүрүү үчүн такталбаган маалыматтар тарап жатканын билдирет. Ош милициясынын кабарлашынча, мэриянын айрым күнүмдүк иштерин шайлоонун үгүт иштерине байланыштырып жаткан учурлар бар.

30-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү шайлоодо добуш сатып алуу жана административдик ресурсту колдонуу сыяктуу одоно мыйзам бузуулар болуп жатканын эскертти. Ал Оштун прокуратурасы, күч органдары буга реакция кылбай жатканын сындаган.

Буга чейин мурдагы мэр Мелис Мырзакматов Ошто шайлоо таза өтпөй турганын айтып чыккан.

11-апрелде Кыргызстанда 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары тандалат. Шаардык кеңештерге үгүт 12-мартта башталды. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, Ош шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн тогуз партиядан 702 талапкер катталган. (TSh)

XS
SM
MD
LG