Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:36

Президент Жогорку соттун төрайымын кызматтан бошотууну сунуштады


Гүлбара Калиева.
Гүлбара Калиева.

Президент Садыр Жапаров Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кызматынан убактылуу бошотууну Жогорку Кеңешке сунуштады. Бул тууралуу президенттин парламенттеги өкүлү Анарбек Калматов 31-марттагы сессияда билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов сунушту күн тартибине киргизүү үчүн добушка коюп, аны 77 депутат колдоду.

Соттор кеңешинин Тартип комиссиясы 4-мартта Калиеваны кылмыш жообуна тартууга уруксат берген.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Гүлбара Калиеваны "Жергиликтүү сот" долбоорундагы коррупциялык иш боюнча жоопко тартууга уруксат сурап Тартип комиссиясына былтыр декабрда кайрылган.

Ага чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча коррупциялык схема аныкталганын, ага Калиеванын тиешеси бар экенин, эгер Тартип комиссиясы макулдук берсе, ал камакка алынарын айткан.

Гүлбара Калиева "Азаттык" радиосуна берген интервьюсунда бул айтылгандар "негизсиз" экенин билдирген.

Быйыл 5-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызмат Гүлбара Калиеванын дагы бир иш боюнча "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деп шек саналып жатканын билдирген.

Жогорку соттун басма сөз кызматы төрайымдын дарегине айтылган айыптарды четке каккан. (MiK)

XS
SM
MD
LG