Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:12

Быйыл Орозо айы 13-апрелде башталат


Бишкек шаарындагы борбордук мечит.
Бишкек шаарындагы борбордук мечит.

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар кеңешинин чечими менен Рамазан айы 13-апрелде башталат деп белгиленди. Бул күн айдын чыгуусуна карап бир күнгө айырма болушу мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтияты маалымдады.

Орозо - Ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Шарият эрежесине ылайык, Рамазан айында мусулмандар 30 күн орозо кармайт. Бул ай Айт майрамы менен жыйынтыкталат.

Орозо айт айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн. Ушундан улам Айт майрамы Рамазан айынын акыркы күндөрү так айтылат.

Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу 3-апрелде “Азаттык” радиосуна коронавируска каршы эмдөө орозону бузбай турганын билдирген.

Өлкөдө коронавируска каршы эмдөө 29-мартта башталган. Бул үчүн Кытайдын SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген. (MiK)

XS
SM
MD
LG