Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:16

"Энергохолдинг": Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмү кооптуу чекке жетти


Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)
Кыргызстандагы Токтогул ГЭСи - азыркы тапта эң ири электр кубатын өндүрүүчү. (Фото архивден)

«Улуттук энергохолдинг» мамлекеттик компаниясынын жетекчиси Бакыт Сыдыковдун маалыматына караганда, ушул күндөрү Токтогул гидроэлектр станциясын (ГЭС) камсыздоочу суу сактагычында 8 миллиард 585 миллион куб метр суу бар.

Ал Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин 6-апрелдеги жыйынында суунун мындай аз көлөмүн "кооптуу, өтө төмөн" деп баалады.

"Эч кандай кадамдарды жасабай ушул бойдон кете берсек келерки жылы суу 5 миллиард 500 миллион куб метрге чейин азайып кетүү коркунучу бар. Ага жеткирбеш үчүн алдын ала иштер жасалып жатат".

Сыдыков ага ылайык, Бишкек жылуулук электр борбору иштеп чыгарган электр энергияны көбөйтүү жагы каралганын маалымдады. Маселен ЖЭБ былтыр 1 миллиард 200 миллион кВт/саат электр энергиясын өндүрсө, быйыл анын көлөмүн 2 миллиард 500 кВт/саатка жеткирүү пландалууда. Экинчиси, Кыргызстан үч жылдык мөөнөткө Өзбекстандан 750 миллион кВт/саат электр энергиясын карызга алып жатат. Ушундай эле шарт менен Казакстандан да 900 миллион кВт/саат электр энергиясы алынат.

2007-2008-жылдары «Токтогулдагы» суу 7-8 миллиард куб метрге чейин азайып, элге электр энергиясын берүүгө чектөө киргизилген. Энергетиктер Суу 6 миллиард куб метрге чейин азайса ГЭС авариялык абалга кабыларын эскертип келишет.

Токтогул ГЭСи Кыргызстанда электр жарыгынын 33% өндүрөт. Суу сактагычка 19 миллиард куб метр суу батат. (BTo)

XS
SM
MD
LG