Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2022 жума, Бишкек убактысы 02:41

Жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен балдар ооруканага түштү


Бишкек шаарындагы көчөлөрдүн бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек милициясынын Кайгуул кызмат башкармалыгы эки кишини - өспүрүм менен кичинекей кызды жөө жүргүнчүлөрдүн тилкесинен коюп кеткен машиненин айдоочусу качып кетпегенин билдирди.

Маалыматка караганда, Mazda үлгүсүндөгү автоунаа айып жайына киргизилди.

6-апрелде кечки саат 21лер чамасында Москва жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде машине эки адамды сүзүп кеткен.

Жабыркагандардын бири 17 жаштагы өспүрүм, экинчиси 10 жаштагы кыз экени белгилүү болду. Милициянын билдирүүсүндө алар оор абалда ооруканага жеткирилген. Азыркы абалы тууралуу маалымат алууга мүмкүн боло элек.

Социалдык тармактарда буга чейин кырсыктын күнөөкөрү качып кеткени тууралуу маалыматтар айтылган.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG