Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:34

Рамазан айындагы битир-садаганын өлчөмү бекитилди


Орозо айында чогулган жардамды таратуу учуру. 2020-жыл.
Орозо айында чогулган жардамды таратуу учуру. 2020-жыл.

Кыргызстан Мусулмандар дин башкармалыгы (муфтият) Аалымдар кеңеши менен биргеликте быйылкы Рамазан айындагы битир-садаганын өлчөмүн бекитти.

Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы 7-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл битир-садаганын орточо баасы киши башына 40 сом деп бычылды.

Садага-битир 1,6 килограмм буудай (40 сом), ун (56 сом), мейиз (640 сом) же 3,2 килограмм арпа (64), курманын баасы (512 сом)менен эсептелди. Же булардын акчалай наркы берилет.

Муфтияттын билдирүүсүндө, битир-садага берүүчү адам мунун кайсынысын берсе өз ыктыяры. Базар баасынын олку-солку болуп жатканына байланыштуу битир-садага берген учурда бул беш азыктын наркын эске алуу сунушталды.

Аалымдар кеңешинин чечими менен Рамазан айы 13-апрелде башталат. Айдын чыгышына жараша бир күнгө айырма болушу мүмкүн. (NT)

XS
SM
MD
LG