Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:03

Саясатчы Адахан Мадумаров ооруканадан чыкты


Адахан Мадумаров.
Адахан Мадумаров.

“Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров президент жана өкмөттүн иш башкармалыгынын атайын ооруканасында дарыланып чыкты. Аталган партиянын өкүлү учурда саясатчынын абалы туруктуу экенин ырастады. Ал Мадумаров он күндөй дарыланганын айтып, бирок эмне болуп ооруганын ачыктаган жок.

АКИpress агентиги анын канындагы канттын деңгээли жогорулап кеткенин жазды.

Мадумаров соңку президенттик шайлоодо 6% ашуун добуш алып, маарага экинчи келген. Саясатчы шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын айткан жана азыркы бийликти кескин сындап келет. (TSh)

XS
SM
MD
LG