Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2022 ишемби, Бишкек убактысы 14:06

Айзаданы уурдоого шектелген үчүнчү адам кармалды


Айзада Канатбекованын өлүмүнө байланыштуу Бишкекте уюштурулган нааразылык митингинде. 8-апрель, 2021-жыл.

Айзада Канатбекованы уурдоого шек саналган үчүнчү адам колго түштү. Бишкек шаардык милициясынын басма сөз катчысы Улан Жумаков 8-апрелде кечке жуук 26 жаштагы К. Т. аттуу жаран тергөө абагына киргизилгенин "Азаттыкка" билдирди.

Айзаданы уурдоого катышкан деген шек менен буга чейин эки адам колго түшкөн.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жеринен күчтөп машинеге салып кеткени тартылган видео Интернетке тараган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду.

Бир үйдүн жалгыз кызы Айзада Канатбекова Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Бул карагашалуу окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя буга чейин да болгон. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызын уурдаган жаран Жайыл райондук милиция бөлүмүндө бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган. (ZKo)

XS
SM
MD
LG