Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:19

Муфтият: Ала качууга шариятта тыюу салынат


Бурулай менен Айзаданын сүрөттөрү. 8-апрель, 2021-жыл.
Бурулай менен Айзаданын сүрөттөрү. 8-апрель, 2021-жыл.

Кыргызстан Мусулмандарынын дин башкармалыгы Айзада Канатбекованын уурдалып өлтүрүлүшү боюнча билдирүү таратып, бул окуяны шариятка жана адамкерчиликке жатпаган, адамдын жанын кейиткен аянычтуу окуя катары баалады.

«Ала качуу - арам. Шариятта ала качууга тыюу салынат. Кызды мажбурлап үйлөнүүгө шарият жол бербейт. Ошондой эле башка бирөөгө зыян берүүнүн бардык түрү арам», - деп айтылат маалыматта.

Бир үйдүн жалгыз кызы, 27 жаштагы Айзада Канатбекова 5-апрелде уурдалып, изделип жаткан. Аны үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен.

Эки күндөн кийин кыздын жана уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция кызды уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнө бычак сайып жан кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деген шек менен үч киши кармалды.

Айзада Канатбекова - бир үйдүн жалгыз кызы болчу. Кыргыз-түрк «Манас» университетинин Дене тарбия жана спорт факультетин 2020-жылы аяктаган.

Окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто күнөөлүүлөрдү жазалоо, мындай көрүнүштөргө жол бербөө жана ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.

Кыргызстанда мындай кандуу окуя биринчи жолку эмес. 2018-жылдын май айында 20 жаштагы студент Бурулай Турдаалы кызы ала качуунун курмандыгы болгон. Аны Жайыл райондук милиция бөлүмүндө ала качкан бала бычактап өлтүрүп, андан кийин өз жанын кыюуга аракет кылган.(BTo)

XS
SM
MD
LG