Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:11

Бишкекте венгер-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлөт


Кыргызстан менен Венгриянын туулары.
Кыргызстан менен Венгриянын туулары.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто 8-апрелде Бишкекте венгер-кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык, фонддун капиталы 50 млн. доллар болот.

Тышкы саясат мекемеси билдиргендей, эки өлкөнүн министрлери андан тышкары Будапешт-Бишкек түз авиакаттамын ачуу маселесин да талкуулап, аны жакын арада чечүүнү макулдашты.

Венгриянын делегациясынын курамында Бишкекке келген «Wizz Air» венгер авиакомпаниясынын башчысы Варади менен Кыргызстандын транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Айдаралиева жолукту. (BTo)

XS
SM
MD
LG