Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Украина президенти өлкө чыгышын Орусия менен тирешүү күчөп турганда кыдырды


Украинанын президент Владимир Зеленский (ортодо) өлкөнүн дүрбөлөңдүү чыгыш бөлүгүндө болду. 2021-жылдын 8-апрели.
Украинанын президент Владимир Зеленский (ортодо) өлкөнүн дүрбөлөңдүү чыгыш бөлүгүндө болду. 2021-жылдын 8-апрели.

Украинанын президент Владимир Зеленский өлкөнүн дүрбөлөңдүү чыгыш бөлүгүндө болду. Анын иш сапары өлкө менен Орусиянын өз ара мамилелери өзгөчө опурталдуу чекитке жакындап турган маалга туш келди.

Президент Зеленский 8-апрелдеги иш сапарында украин жоокерлеринин орусиячыл жикчилдер менен тирешип турган согуш тилкесиндеги өкүлдөрү менен жолугушту. Анын сапарынын алдында эле интернетте Орусиянын аскер күчтөрү Украинанын чек арасынын жанындагы орусиялык аймактарга топтолуп жана Крым жарым аралына киргизилип жаткандыгы көрсөтүлгөн фото сүрөттөр жана видео тасмалар жайнап чыккан болчу.


Украин президентинин кеңсеси “Твиттердеги” барагында В.Зеленскийдин 8-апрелдеги Чыгыш Украинадагы кооптуу аймакка жасаган иш сапарын мындайча чагылдырды:
“Донбасстагы сапары маалында Украинанын президенти Владимир Зеленский коргонуунун алдыңкы тилкесиндеги жоокерлердин жайларына барды. Дал ушул аймакта ок атышууну токтотуунун ар тараптуу жана туруктуу режимин эң көп бузган учурлар катталган”.

Зеленский аймакты кыдырып жүргөндө, Германиянын канцлери Ангела Меркел президент Владимир Путинге телефон чалып, Орусиянын Украинага жакын жердеги аскерлеринин санын азайтууга үндөдү, ал эми орус лидери өз кезегинде Киевди “чагымчыл аракеттер” жасап жатат, деп айыптады.

Ошол эле учурда, Орусиянын президентинин кеңсесинин башчысынын орун басары Дмитрий Козак өзөккү согуштук аракеттерге жол коюлчу болсо, анда ал – «Украинанын күнү бүтө баштагандыгын» билдириши мүмкүн, деп эскертти.


Орусия Украинанын Крым жарым аралын 2014-жылы мартта каратып алган. Бул –кремлчил украин президенти Виктор Янукович элдик ыңкылапын натыйжасында бийликтен кулатылгандан кийин орун алган.

Дүйнөдөгү кеминде 100 өлкө Кремлдин баскынчылыгын айыптап чыккан. Бул өлкөлөр орусиялык жоокерлердин көзөмөлү астында Крым жарым аралында шашылыш өткөрүлгөн референдумду жана Крымдын Киевден тартып алынышын таанышкан жок.

Ал эми Крым каратылган соң, Украинанын чыгыш тарабында Донбасста согушуп жаткан куралдуу жикчилдерге Орусия дипломатиялык жана аскердик жардам берүүнү улантып келе жаткандыгын көптөгөн далилдер айгинеледи.

Бир нече жолку ок атышпоо тууралуу келишимдерге карабастан, 2014-жылдын апрелинен бери Украинанын чыгышында зордук-зомбулук эч качан токтотулган эмес. Бириккен Улуттар Уюмунун маалымдашынча, 13,000ден ашуун киши бул аймакта набыт болуп, 1 миллиондон ашуун киши үй-жайын таштап, башка жерлерге качууга мажбур болушкан.


Кремлдегилер соңку кездердеги орусиялык аскерлердин чек арага жакын аймактарга жылдырылышын “коргонуу аргасы” деп баалап, Донбасстагы жаңжалга кийлигишүү ниети жок экендигин билдирди.

Ал эми Украинанын чыгышында өз ара тирешкен тараптар “жакында ок атышууну токтотуу боюнча келишимди бузду”, деп бири-бирин күнөөлөп келишет.

Айтмакчы, Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-апрелде НАТОну өз өлкөсүн бл аскердик биримдикке кабыл алуу долбоорун жүзөгө ашырууну тездетүүгө чакырган. Анын сөзүнө расмий Кремль жооп кайтарып, Украинанын НАТОго мүчө болушу аймактагы "кырдаалды начарлатат", деп билдирген. (TT)

XS
SM
MD
LG