Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:38

CIT: орусиялык аскерлер Украинага 250 чакырымдай жакын жерге жайгашты


Старобежево шаарындагы орусиячыл жикчилдер орусиялык желектин жанында. Чыгыш Украина. 2015-жылдын 25-февралы.
Старобежево шаарындагы орусиячыл жикчилдер орусиялык желектин жанында. Чыгыш Украина. 2015-жылдын 25-февралы.

Conflict Intelligence Team тобу социалдык тармактагы билдирүүлөрдү анализдеп чыгып, өткөн жумада орун которгону белгиленген орусиялык аскерлер Украинанын чек арасынан 250 чакырым аралыктагы Воронеж облусунда талаа лагерине топтоштурулган деген тыянакка келди.

Бул аскерий аналитиктер тобу Орусиянын куралдуу күчтөрү 20142015-жылдары украин чек арасына мындан бир топ жакыныраак жайгашканын белгиледи.

Conflict Intelligence Team тобу өз талдоосунда видео-фотого түшүп калган аскер техникасынын көпчүлүгүнүн Борбордук аскер округуна караштуулугу ал аскер түзүмдөрү Воронежге чейин жүздөгөн чакырымды басып өткөнүн далилдээрин аныктады.

Аскерлер Воронеждин Масловка жана Тресвятская тем ир жол бекеттеринен түшүрүлүп, Түштүк тарапка багыт алганы көрсөтүлгөн. Аскер техникасынын айрым колоннасы Воронежге жетпей, Отрадное деген шаар тибиндеги конуш аркылуу өткөнү социалдык медиага шилтеме менен кабарланды.

Орусиялык T-72B3 танктары. Жалпы сүрөт. 2020.
Орусиялык T-72B3 танктары. Жалпы сүрөт. 2020.

CIT аналитиктер тобу аталган лагерь “Погоново” аскер полигонунун түндүгүндө, “Березка” деген бакчылык чарбасынан түштүккө карай кеткен жерде орун алган деп болжолдойт. Бул чарчы тилке Украинанын Харьков жана Луганск облустарына 250 чакырымдай жакын.

Жергиликтүү тургундар аскерлер “турак үйлөрүнө катарлаш талаада" жайгашканын жазышкан.

Мындан сырткары Воронеж облусундагы Острогожск районунда орусиялык аскерлердин орношкону боюнча дагы маалыматтар бар. Бул тилке украин чек арасына 150 чакырымдай жакын турат.

Бул талдоодо Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн мынтип жайгашуусун өлкө чыгышындагы жикчилдердин украин чабуулуна даярдыгы катары түшүндүрүүгө мүмкүн эместиги, себеби ал лагерь Киев көзөмөлдөгөн облустарга жакын экени белгиленген.

Эгерде бул аскерлерди жикчилдерди колдоо үчүн Донбасска киргизүү керек болсо, анда алар Воронеж эмес, Ростов облусунун аймагында турганы логикага сыймак. Ошондуктан Воронеждеги орусиялык аскерлердин туруму коргонууга эмес, толук масштабдагы чабуул коюуга ылайыкташкан”, деп аскердик талдоодо тыянак чыгарылган.

Айтмакчы, Украинанын президенти Владимир Зеленский 6-апрелде НАТОну өз өлкөсүн Биримдикке кабыл алуу долбоорун жүзөгө ашырууну тездетүүгө чакырган. Анын сөзүнө расмий Кремль жооп кайтарып, Украинанын НАТОго мүчө болушу "кырдаалды начарлатат", - деп билдирген.

XS
SM
MD
LG