Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

Мурун Матраимовго таандык болгон имаратта калкты тейлөө борбору ачылды


Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бири
Бишкектеги калкты тейлөөчү борборлордун бири

Бишкектеги “Эльдорадо” соода борборунун имараты Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты тейлөөчү борборго берилди. 9-апрелде анын ачылышына премьер-министр Улукбек Марипов катышты.

“Эльдорадону” Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов 2020-жылы мамлекетке өткөрүп берген. Былтыр сот аны эки миллиард сом төлөөгө милдеттендирген. Экс-бажычы мамлекетке келтирген чыгымдын бир бөлүгүн кыймылсыз мүлк менен төлөп, бир нече батир менен кошо Бишкектин Жибек-Жолу көчөсүндөгү соода борборун берген.

Матраимов азыр коррупцияга жана кылмыштуу кирешесин адалдаштырууга байланыштуу айыпталып, №47 абакта жатат.

АКШнын Финансы министрлиги былтыр декабрда Райымбек Матраимовду жана анын жубайы Уулкан (Аманда) Тургунованы «Магнитский акты» деп аталган «кара тизмеге» киргизген.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрдө бажыдагы коррупцияны Матраимов калкалап турганынын бети ачылган.

Бул иликтөөлөрдү Райымбек, Искендер Матраимовдор, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк Ысмайыл Матраимов атындагы фонд "каралоо" деп эсептеп, үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, журналист Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн. сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган. Иш азыр Бишкектин Свердлов райондук сотунун кароосунда турат. (NT)

XS
SM
MD
LG