Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 20:14

Жапаров: Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда айлык 100% көтөрүлдү


Садыр Жапаров.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун кызматкерлеринин эмгек акылары 1-апрелден баштап 100% көтөрүлдү.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактардагы расмий баракчасы аркылуу маалымат таратты.

Анда президент күн өткөн сайын оорлошуп жаткан жашоо-турмушту жеңилдетүү үчүн айлык, пенсия, жөлөк пулду жогорулатуу керектигин айткан.

Азыр эмгек акыларды көбөйтүү үчүн аракет жасалып жатканын белгилеп, буга үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунда иштегендердин айлыктары көтөрүлгөнүн мисал келтирген. Муну менен дарыгерлерди ишке тартуу аракети көрүлүп жатканын билдирген.

Калган медицина жана маданият кызматкерлеринин эмгек акылары 1-июлдан баштап 50% жогорулай турганын, башка тармактардын айлыгын жана пенсия, жөлөк пулду көтөрүүгө булактар изделип жатканын маалымдады. Каржылоо булактарды таппаса, баарын бир мезгилде көтөрүүгө бюджет туруштук бере албай турганын эске салган.

Расмий маалыматка караганда, учурда өлкө боюнча 3000 дарыгердин орду бош турат. Эмгек акынын аздыгынан адистер иштебей койгондуктан бул орундар бош калган. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG