Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:32

БУУ ала качуу окуяларын дыкат иликтөөгө чакырды


Айзаданын өлүмүнө байланыштуу милиция имаратынын алдында өткөн митингдин катышуучусу. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.
Айзаданын өлүмүнө байланыштуу милиция имаратынын алдында өткөн митингдин катышуучусу. Ош шаары. 8-апрель, 2021-жыл.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбековага байланыштуу билдирүү таратты. Анда Айзаданын өлүмү Кыргызстанда бул кылмыштуу көрүнүштү жок кылуу керектигин көрсөткөнү белгиленген.

Эл аралык абройлуу уюм дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кыздар жана аялдар зомбулуктан тыш, эркин жана коопсуз жашоого укугу барын эскертүүдө.

БУУнун өкүлчүлүгү бардык мамлекеттик мекемелерди, анын ичинде укук коргоо жана коопсуздук күчтөрүн Жазык кодексинин 175-беренеси ("Мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо") боюнча катталган бардык учурларга убагында жана тийиштүү чараларды көрүүгө, натыйжалуу, чукул иликтөөлөрдү жүргүзүүгө чакырган.

«Жашы жете элек кыздарды жана аялдарды никеге зордоп тургузууну жоюу аракетин толук колдойт жана президент Садыр Жапаров менен премьер-министр Улукбек Мариповдун расмий билдирүүлөрүндө Айзада Канатбекованын өлүмүн улуттук трагедия катары сыпаттоосун кубаттайт. БУУ Кыргызстандын элинин аялдарга жана кыздарга карата көрсөтүлгөн зомбулуктун бардык түрлөрүнө, анын ичинде «ала качууга» байланышкан аракеттерге каршылыгын колдойт», - деп жазылган билдирүүдө.

БУУ бул зыяндуу көрүнүштү жоюу үчүн өкмөт жарандык коом менен тыгыз иштешип жатканын кубаттайт. Жабыркаган тараптын коопсуздугун жана сот адилеттигин камсыздап, кылмышкерлерди мыйзам чегинде жоопко тартып, зомбулуктун алдын алуу жана жоюуга багытталган мыйзамдарды аткарууга чакырган.

ЮНФПАнын сурамжылоосу көрсөткөндөй, Кыргызстанда ар бир бешинчи аял никеге мажбурланып тургузулган. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 20-24 жаштагы аялдардын 13 пайызы 18 жашка чейин нике курат.

ИИМдин маалыматына караганда быйыл жыл башынан бери 175-берене ("Мажбурлап никеге тургузуу максатында уурдоо") боюнча 59 иш катталган. Анын ичинен 51 учур өндүрүштөн кыскартылган. Милиция буга тараптардын келишип алганы себеп болгонун билдирүүдө.

27 жаштагы Айзада Канатбекованы 5-апрелде саат 7:30 чамасында үч адам Медеров-Тыныстанов көчөсүнөн өтүп бараткан жерден күчтөп машинеге салып кеткен. Бул ошол жердеги мекеменин видеокамерасына түшүп калган.

Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаадагы автоунаадан табылган. Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирди. Теңизбаев мурда Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болду. Айзада Канатбекованы уурдоого катышкан деп шек саналган төрт адам кармалды.

Бул окуядан улам коомчулукта милициянын ишине катуу сын айтылып жатат. 8-апрелде Бишкекте жана Ошто ИИМдин жетекчилигинин кызматтан кетишин талап кылган акциялар өттү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG