Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:12

"Бир дүйнө - Кыргызстан" укук, пандемия тууралуу сунуш даярдайт


Коронавирус пандемиясы күчөгөн шартта спорт залында түзүлгөн күндүзгү стационар. Бишкек. Июль, 2020-жыл.
Коронавирус пандемиясы күчөгөн шартта спорт залында түзүлгөн күндүзгү стационар. Бишкек. Июль, 2020-жыл.

"Бир дүйнө – Кыргызстан” коомдук бирикмеси укук коргоо жана коронавирус пандемиясынын кесепетин жоюу багынтында мамлекеттик органдарга берилүүчү сунуштар топтомун иштеп чыкканы жатат. Буга байланыштуу уюм эксперттер тобун түзүү үчүн тендер жарыялады.

Тендерге кызыкдар эксперттер, эксперттер тобу, уюмдар жана журналисттер катыша алышат.

"Бир дүйнө - Кыргызстандын" координатору Аида Байжуманова "Азаттыкка" тендерге катышууну каалагандар балдар үйлөрүндө, психиатриялык жана жабык мекемелерде коронавирустун жайылышына жол бербөө тууралуу буга чейинки чараларды, документтерди, стратегиянын оң жана терс жактарын талдап чыгышы керектигин билдирди. Мындан тышкары бул мекемелерде коопсуздуктун чараларын көрүү боюнча сунуштарды даядоого тийиш.

Тендерге арыздар 20-апрелден 20-майга чейин кабыл алынат.

Коронавирус инфекциясы Кыргызстанда алгачкы жолу 2020-жылы 18-мартта катталган. Андан берки бир жыл аралыгында оору жугузуп алгандардын расмий эсеби 89 811 кишини түздү. Анын 85 719у айыкты. 1516 киши кайтыш болду.

Пандемия башталгандан берки убакта өлкөдө үч премьер-министр, үч Саламаттык сактоо министри, үч вице-премьер алмашты. Коронавирустун алдын алуу жана коопсуздукту камсыздоодо шалаакылык кылган деген айып менен кылмыш иши түзүлгөн. Бир нече жетекчилердин иши Жазык кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен сотко чейинки өндүрүшкө алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG