Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:10

«Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашты


Орусиялык «Союз-2.1а» ракетасы «Союз МС-18» кемесин орбитага чыгаруу үчүн Байкоңур космос майданынан учурулду. 2021-жылдын 9-апрели.
Орусиялык «Союз-2.1а» ракетасы «Союз МС-18» кемесин орбитага чыгаруу үчүн Байкоңур космос майданынан учурулду. 2021-жылдын 9-апрели.

9-апрелде орусиялык «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине узак мөөнөттүк экспедициянын жаңы тобун жеткирди. Экипаждын курамында “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Олег Новицкий (командир) менен Пётр Дубров (учкуч), ошондой эле НАСАнын астронавты Марк Ванде Хай (Mark Vande Hei) бар.

(Буларды сак-сактап даяр турган кошумча экипажда “Роскосмос” агенттигинин космонавттары Антон Шкаплеров менен Олег Артемьев жана америкалык НАСА агенттигинин астронавты Энн Макклейн бар болчу. Алар Казакстанлын “Байкоңур” космос майданында кала беришти).


«Союз МС-18» кемеси туңгуч космонавт Юрий Алексеевич Гагариндин ысымын алган. Юрий Гагарин мындан 60 жыл илгери, 1961-жылы 12-апрелде, космос мейкиндигине адамзаттын өкүлүнүн алгачкы учуусун ийгиликтүү жүзөгө ашырган советтик космонавт болгон.

Оболу 9-апрелде Бишкек убакыты боюнча түшкү саат 12:42де (Москва убакыты боюнча таңкы 10:42де) «Союз-2.1а» ракетасы «Союз МС-18» кемесин “Байкоңур” космос майданынан орбитага чыгарган. Андан 3 саат өткөн соң, «Союз МС-18» космостук кемеси Эл аралык космос бекетине жалгашкан болчу.


Орусиянын өкмөтү 3-апрелде АКШ менен космостук кызматташтык келишимин 2030-жылга чейин узартты.

Бул космостук кызматташтык – Москва менен Вашингтондун ортосундагы карым-катнаштардын алигиче сакталып калган азганактай өрнөктөрүнүн бири.

XS
SM
MD
LG