Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:27

БШК: Добушканалардын 85% майыптарга ылайыкташкан


Добуш берүү
Добуш берүү

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Бахтияр Кадыров Кыргызстандагы добушканалардын 85 пайызында майыптыгы бар адамдар үчүн пандустар бар экенин кабарлады. Пандустардан тышкары азистер үчүн коштоп жүрүүгө ыктыярчылар да тартылган.

"БШК мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын муктаждыктарына байланыштуу туруктуу картаны иштеп чыккан. Майыптыгы бар адамдарды каттоого алып жатабыз. Бүгүнкү референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүү үчүн 20 187 майыптыгы бар адам каттоодон өткөн".

Кыргызстанда бүгүн 11-апрелде жаңы Конституциянын долбоору референдумга коюлат жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт.

Бул күнү өлкөдөгү 448 аймакта, же болбосо 28 шаардык жана 420 айылдык кеңештин депутаттары шайланат.

Шаардык кеңештерге шайлоо пропорционалдык система менен өтөт, анда талапкерлер партиялык тизме аркылуу гана ат салыша алышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG