Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:40

Алматыда «ипотекачылар» финагенттиктин имаратына түнөйт


Канагат Такеева. Алматалык жарандык активист.
Канагат Такеева. Алматалык жарандык активист.

Казакстандын Алматы шаарында ипотекалык насыясын төлөөдөн кыйналган жарандар мамлекеттен жардам талап кылып Финансылык көзөмөлдөө агенттигинин имаратынын алдында түнөгөнү жатат.

12-апрелде аталган мекеменин жанына чогулган активисттердин бири Канагат Такеева алар ушундай жол менен бийликтин көңүлүн өз көйгөйлөрүнө бурдурууга аракет кылып жатышканын айтып берди. Ал ипотека төлөөдөн кыйналгандар буга чейин бийликке бир нече ирээт кайрылганын, бирок андан майнап чыкпаганын белгиледи.

Алматыда жеке турак жай сатып алууга ипотекалык насыя алып, бирок коронавирус пандемиясынын айынан каражаттан кыйналган жарандар коммерциялык банктардан насыяларды бөлүп төлөө же төлөө мөөнөттөрүн узартуу сыяктуу жеңилдиктерди берүүнү талап кылып жатат.

XS
SM
MD
LG