Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Кытай вакциналарынын таасири төмөн болуп жатканын моюнга алды


COVID-19га каршы Sinovac вакцинасынын шприцтерин Бээжин заводунда текшерүү учуру. Кытай. 24-сентябрь, 2021-жыл.
COVID-19га каршы Sinovac вакцинасынын шприцтерин Бээжин заводунда текшерүү учуру. Кытай. 24-сентябрь, 2021-жыл.

Кытайда COVID-19га каршы жасалган вакцина "жетишүү деңгээлде коргой албай" турганын өлкөнүн Ооруларды көзөмөлдөө борборунун башчысы Гао Фу билдирди.

Бул тууралуу бир катар эл аралык маалымат агенттиктери жазып чыкты.

Гао Фу ишембиде Чэнду шаарында өткөн жыйында сүйлөп жатып кытай вакцинасынын таасири төмөн болуп жатканын моюнга алган.

"Биз башка технологиянын негизинде даярдалган башка вакциналарды колдонууну карап жатабыз", - деген Гао Фу.

Гао Фунун айтымында, азыркы кытай вакцинасынын сапатын жакшыртуу үчүн анын дозасын жогорулатуу же аны башка технологиянын жардамы менен даярдалган вакциналарга кошуп колдонуу жолдору каралууда.

Буга чейин Кытай ата мекендик вакциналардын сапаты жогору экенин айтып келген.

Үч кытай компаниясы жасаган вакциналарды дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү клиникалык сыноонун жыйынтыгы тууралуу маалыматы жок эле сатып алган.

Бразилияда жүргүзүлгөн сыноодо Кытайдын "Sinovac" вакцинасынын таасири 50,4 процент, Түркияда болсо 83,5 процент деп табылган.

Март айында Кытайдын өкмөтү Кыргыз Республикасына гуманитардык жардам катары COVID-19га каршы 150 миң доза «SinoPfarm» вакцинасын акысыз берген.

XS
SM
MD
LG